super.kg logo

Айгерим Расул кызы тойдо алып баруучу Нурзат Токтосунованын чачынан сүйрөдү. Окуянын чоо-жайы

 

Ырчы Айгерим Расул кызы тойдо алып баруучунун төбө чачынан кармап, эшикти көздөй сүйрөдү. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Бул окуя мындан 2 күн мурда Ош шаарындагы тойканалардын биринде болгон. Анда тойдун алып баруучусу Нурзат Токтосунова болуп, мени ырдаганга чыгарбай жатты. Мен улам барып алып баруучуга антрактта же ага чейин болсо деле ырдай берейин десем тоготпой койду. Менден кийин той ээлери дагы 3-4 жолу Айгеримди ырдатып коёлу десе макул болгон жок. Той ээлерин жакындан тааныгандыктан аягына чейин күтүп отурдум. Кечки саат 23:45 болгондо алып баруучу мени чакырды. Той ээлеринин суранычын аткаргандан кийин Нурзат Токтосуновага "Той ээлери суранса дагы макул болбой эмнеге 2 саат күттүрдүңүз?" десем, "мен өзүм билем, кааласам чыгарам, каалабасам чыгарбайм, сен кимсиң?" деп келип мага кол көтөрдү. Кош бойлуу, алсыз, эч нерсе кыла албайт деди окшойт. Ачуум келип өзүнө жараша жообун бердим. Чачынан кармап, эшикке сүйрөп баратсам, тойго келгендер ажыратып калышты", - дейт ырчы.

Ошондой эле Айгерим Расул кызы буга чейин Нурзат Токтосунованы сыйлап жүргөнүн, башкалардан мындай жорукту күтсө дагы алып баруучудан күтпөгөнүн айтат.

Ал эми окуя тууралуу "Заманыбыздын супер алып баруучусу" Нурзат Токтосунова өз пикирин билдирди.
"Албетте, биринчи айткан кишиге ишенич көбүрөөк, аны түшүнүп турам. Айгерим Расул кызынын Инстаграмдагы постун, ал постко кошуп жүктөгөн видео "эрдигин" көрүп чыныгы окуядан кабары жоктор дуу түшүп эле "кош бойлуу аялга кол көтөргөн тура!" болуп жатып калышты. Бул окуяда калп канчалык шумдуктуу болсо ага ошончо бат ишенишет деген ыкма бат иштеди. Чынында атактуу Айгерим Ошто кайсы тойго барса биринчи ырдашы керек тура. Менин Айгеримден биринчи келген, андан улуу Айжамал Кабылованы биринчи ырдатканым ал ырчыга жакпай калыптыр. Ырдап бүтүп келип эле коридордон беттен алды.15 жыл шоу-бизнесте жүрүп бирөө менен үн көтөрүп урушкан эмесмин аны баары билет. Мен аны күттүргөн эмесмин, ага Айжамал Кабылова күбө. Антрактта ырдайм деп кеч келген, той дагы 2 саат кеч башталган. Айгерим өзүнөн биринчи келген ырчыны чыгарба деди. Той ээлери кимиси биринчи келсе ошону чыгар дешти. Ал эми адамга кол көтөргөнү боюнча бул ырчынын маселе чечүүнү муштум көтөрүү деп билерин коомчулук буга чейин деле көрүп жүрбөдү беле. Ушундай ишти кылуу, анан аны мактанып интернетке бөлүшүү, акылы, маданияты, жөн гана адамдыгы бар адам айтпай турган сөздөрдү жазуу менин деңгээлим эмес. Көптөрдүн жүрөгүн оорутсам кечирим сурайм. Ата-энесин сыйлаганым үчүн унчуккан эмесмин. Ылайым мага кылган мамилесин кичүүдөн көрсүн. Аман-эсен көз жарып алсын!" - дейт Токтосунова.


кошулду





Айгерим Расул кызы тойдо алып баруучу Нурзат Токтосунованын чачынан сүйрөдү

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(115)
18.09.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айгерим эркек экенсин лайк..
18.09.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Айгерим озун кыйын сезген адам озу. Кыйынмын и боюмда бар деп эле озундон чонго кол которо берсен болот бекен. Тууйун деп калгансын уйундо отур, эки саат кутуп отурдум дебей, кайсы тойго барып биринчи ырдап кетип калып уйронгонсунда бир кундо уч торт тойго жетишишим керек деп. Уят просто уят. Нурзат эже жакшы сени аяп кол которбоптур. Сени сыйлачуумун бирок кылыгын кооп пысмыйып.
AiNuR_777 түзөттү 2018-09-18 00:57:36
18.09.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Нурзат эженин тиги Айгерим тырмагына да тен келбейт. ХХХХХХХХХХХ боюнда болсо эле биринчи ырдаш керек бекен? Суйлогон созу,кийинген кийими,озун алып жургону, чача-пача боло берет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:28:20
18.09.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
k.anara, ошондой адамга тенелген нурзат ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:19:50
18.09.2018. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
laboom,бул жерде Нурзат ага эмне кылыптыр?Жон гана Айгерис ар дайымкыдай милиция менен дагы ьашкалар менен алышкандай озун кыйын сезип алган.Этика дегенди билиш керек.Эч болбоду дегенде кыргыздын менталитетин билип алсынчы ушу кыз.Ачык кийинип алып клиптерге бир укмуш болуп тартылат,твдан коюлуп кала турган болсо уйдогулор менен чогу коро албайсынБоюнда болсо кыргыздар минтип далдактап жургон эмес. Бардык кылган иштери элге жага бербейт.Озун укмуш сезип тоодон тушуп же озун озу жараткандай журот
18.09.2018. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
k.anara,сен жазып аткан башка тема, бул жерде айтылып атат, барып суранып атса да очошконсуп тойдун аягында чыгарып койгону туурабы? Ошол адамгерчиликтуубу? Негизи эркектерде мээрим кобуроок экен ХХХХХХ Мен анын ырлврын укбайм, мактаган да жокмун. Нурзатты тв алыш керек,
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:20:30
18.09.2018. 06:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
laboom, кой эми омоой, сага жакпаса эле ТВдан алсыңбы? Айгерим оо арыраак туруп эл көзүнөн далдоо туруп чачтан тартса болмок. Америка жылдыздары убагы менен кара пиар үчүн бирөөнү уруп тээп, жыгып, согуп, жыртып, жулуп туратко. Ошол сыяктуу болуптур.
18.09.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оххоо суппер жаңылык!!!
18.09.2018. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Нурзат туура кылыпсын мен кошулам сага.Андай болоор болбос нерселерге көңүл бура бербе жаным.Ким кандай экенин эл журт билет эл тараза.Ай гирем сен жөөн эле үйдө отурбапсын ичиңдеги балаң дагы тынчтыкты каалайт.түнкү 12-1чейин таңка туңкадан балаң деле чарчагандыр.өзүң билесинда эми.Сенин ата-энеңи сыйлайбыз жакшы кишилер.
18.09.2018. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал кыйын,бул жакпайт деп кундо жанында жургондой суйлойсунор го.Боюнда бар аялды биринчи ырдатып жонотуп койсо,ушул тополон болмок эмес!Экоонун кимиси куноолуу аны бир кудай билет. Аман-эсен коз жарып алсын!!!
18.09.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
jarkunai,биринчи ырдатпай койсо эле чачтан алыш керекпи...
18.09.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соз жок, уят эле
18.09.2018. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйратынар
18.09.2018. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
ХХХХХ ХХХХХ Эч ким билбей эле калмак айгерим озу жарыя кылбаганда.Боюндагысын элге милдет кылбай уйундо олтурсунда ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:29:45
18.09.2018. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Нурзат Токтосунованы колдойм. Ал маданияттуу айым. Оз кучу менен ийгиликке жеткен жана коп адамдар аны сыйлайт Айгерим менен салыштыра корбогуло.
18.09.2018. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч жок дегенде,бироонор маданияттуурак болсонор болмок экен, видеонорду коруп жатып кадимкидей уялдым эй
18.09.2018. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Аялдык назиктикти Самара Каримовадан уйронушсо болмок.Кандай назик, кандай сулууу Самара
mirbek_kgz.1990 түзөттү 2018-09-18 03:05:33
18.09.2018. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Айгерим милицияны урган, бул аялды запросто урат да))))
18.09.2018. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айгерим ыр чыгарганча кара пиар кылганым он дегенго. Чаап ийсем көп сөз болом деп.
18.09.2018. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айгеримдин арыз жазайын деп терпила болугум келбей деген созунон эле байкасак болот ким экенин, анан дагы менде мени урган видеосу бар дейт болсо чыгармак да сразу эле.
18.09.2018. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Боюнда бар аялын куну туну тойлорго жиберген эркегине наалат,Айгерим акчага деле андай муктаж эмес отурсун боюндагысын сыйлап уйундо,эгер барына макул болуп ырдап журобу демек чыдаш керек менин боюмда бар биринчи ырдашым керек деп милдет кылбай.
18.09.2018. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
fanatka19,бойюнда барда иштесе тороту женил болот иштеген Наны ушу болсо сиздикине барып пол жуусунбу Нурзат ичи тарып жабышып куйуп кетиптир
18.09.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
fanatka19,Айгеримдин тышы жалтырак, ичи калтырак.
18.09.2018. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурзатты ХХХХХХХХ Айжамалга не жок кыпчылып пост чыгарып ХХХХХХХ ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ Айгерим молодец эркек экенсин майдалап ушак кууп актанып отурбай сазайин бериш керек. Уф Айжамалга не жок третий лишний болуп Нурзат ХХХХХ ХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:33:00
18.09.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulaza, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирен билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
18.09.2018. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Силерди конул ачтыруу учун чакырган той ээлерин да ынгайсыз кылбай бери чыгып алып чечишсенер болмок экен..силер учун катардагы бир той болгону мн ал адамдар канча жыл куткон,тилек кылган ак тойу да.У каждого своя правда дейт билип билбей бирдеме дей бербейли..тигини окусан аныкы чындай..бунусун окусан бунуку..негизи эле мушташуу кыз кишиге жарашчу кылык эмес..а булар маданияттуу адамдарыбыз..
18.09.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Өзүңөрчө эле чечишип алсаңар болмок. Эми сериал болуп кетет го бул жагы. Экөөңөр тең салмактуулукту кармап, бириң эже катары, бириң сиңди катары тымызын бутурсонор өзүңөргө эле жакшы да. Элге эмне ал жакшы бул жаман,бул жакшы ал жаман деп кала беребиз бирок уят болгон баягы эле экөөңөр. Ынтымакка келгиле,той ушуну менен эле бүтпөйт дагы алдыда канча тойлор бар.
18.09.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айгеримдин боюрда бар экенин коруп туруп Нурзат сурантпай эле ырдатып койсо туура болмок. Боюнда барларга больницада, кассада, аэропортто б.а. бардык жерде без очередго. Аны эмне Нурзат билбейт бекен. Калган ырчылар улуу болсо же биринчи келсе деле туура тушунот эле.Айжамал деле эне сопсонун тушунмок Айгеримди биринчи ырдатса, тем более той ээси да сураныптыр.
18.09.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mika24,той ээси суранды деп Айгерим айтыптыр. Нурзат той ээси биринчи келгенин биринчи чыгар деди дейт го. Той ээси билет чындыкты..
18.09.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
mika24,Боюнда барда ызы чуу жерге барбай уйундо эле отуса болмок, тем более кичинекей срок эмес
18.09.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mika24,ай койчу каякта экен боюнда барга безочередь денен. Азыр эч ким бербейт очередин. Толготуп атсан да күт дейт. Таанышбилишин болсо сопсоо адамдар очередь жок киришет. Аман эле болгула амаааан.
18.09.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mika24,ырдатып койсо ошо менен үйүнө кетсе мейлигоо дагы башка тойго баратда
AksyKum түзөттү 2018-09-18 14:57:00
18.09.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айгерим андай нерсени сыртта чечишетда,эл козундогу адам болгонундан кийин озунду жакшы кармашын керек эле,уккан кулака да коргон козгода уятго?кайын журтунада абдан уят болдунго,чоон эле адамсынар бирин алсыздыгын пайдаланып,бирин кучуно ишенип элдин алдында озунорду корсотуунун эмне кереги бар эле,2 дуда жакшы дебейм просто акылга сыйгыс жоорук,бирин чонмун дебей бирин кичине элем дебей элге уят болдунар,эл козундо болгон адам озун жаман жооруктардан тыйыш керек.
18.09.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Депутаттар бул экооно рахмат айтып атса керек
18.09.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ал жерде не болгонун өздөрү билет, бирок очеред менен чыгарып жаткандан кийин күтүп турса болотта анан ичиндеги баласын бетине койбой балаң жок деп жерге урбай өзүн ким сезет экен ырчы болсо өзүнө ырчыда ушинтип жүрсө эч ким сыйлабай калат. Кайын журт деген бар уятта күйөөсүнөн кенеш сурабаптырда ырбатпай
pompowa түзөттү 2018-09-18 09:00:40
18.09.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Айгеримди колдоймун, Нурзатка уят эле ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:34:11
18.09.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Экоонун куноосу бирдей.Нурзат деле "подарок" эмес.Озум билем дебей, боюнда бар деп ырдатып койсо болмок, Айгерим болсо озун жылдыз сезип алган,чачтан суйрогону туура эмес.
18.09.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ruslanz,боюнда болсо озуно
18.09.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тойлор,артисттер көп болсо ушул да.
18.09.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Медальдын эки тарабы бар дегендей жанында карап турбаган сон кимисинен кеткенин билбейбиз дегилечи. Бирок Айгерим ГАИнин кашын айра чапканда эле тунулгом.Ошол видеодо кандай ажылдаганына элдин баары кубо. Нурзатты деле актабайм. Балким андан да кеткендир. Канткен менен публикада жургон адамдар сабырдуу болгону жакшы. Особенно кыздар.
18.09.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Кош бойлууга кол которуп туура эмес кылыптыр
18.09.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ким күнөөлүү экенин бир кудай өзү билет , бирок бул кылган кылыктары уят, Расул кызы мен өзүм билемдик кылыптыр, кош бойлуу болгон сон үйдө отуруп эле оокат кылса болот да, ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-18 10:38:07
18.09.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Freemankg, такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз!
18.09.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Экооно Караганда Зере жакшы экен.кандай кылам эмне кылам ишин болбосун,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: