17 жаштагы өспүрүмдү сүзүп, изин суутуп кеткен айдоочу кармалды





Кечээ, 17-сентябрда саат 17:00 чамасында Абдымомунов көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде велосипед тээп бара жаткан 17 жаштагы шаар тургунун ак түстөгү унааны башкарган белгисиз айдоочу сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында айдоочу кармалган.
"Өспүрүмдү сүзүп кеткен адам 1984-жылы туулган У.С. аттуу Бишкек шаарынын тургуну болуп чыкты. Анын "Намба" фирмасынын такси айдоочусу экени да аныкталды", - деп билдирди маалымат кызматы.
Азыркы тапта унаа айып аянтчасына жеткирилип, иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
neizvesnyi

18.09.2018. 16:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сузуп кеткенден кийин неге качат деймда больницага алып барганы шашпайбы андан коро
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.