super.kg logo
  Спорт  

Жаштар арасындагы оор атлетика боюнча Азия чемпиондугу расмий түрдө ачылды

 
Спорт ордосунда спортчулардын атайын даярдык көрүүсү үчүн жай даярдалып, штангалар коюлган
Алып баруучулар командаларды эл алдына чакырууда
Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов мелдешти ачып берди
Мелдешке катышуучу командалардын 12си эл алдына чыгышты
Ачылышка эл толо келген жок. Бирок мелдеш күндөрү зал толо күйөрмандар келеринен уюштуруучулардын үмүтү чоң
КРнын Оор атлетика федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков мелдешти уюштурууда зор салым кошкон Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жаңы жана эски жетекчилигине ыраазычылык билдирип өттү
Ырчы Омар мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, “Кыргызстаным” деген ырын тартуулады
Ачылыш аземинин жүрүшүндө "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Тумар КР" жана “Акмарал” бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты
Ачылыш аземинин жүрүшүндө "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Тумар КР" жана “Акмарал” бий топтору өнөрлөрүн тартуулашты

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда жаштар жана чеберлер арасында өтүүчү оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунун ачылыш аземи болуп өттү. Анда мелдешке катышуучу Түштүк Корея, Кытай, Япония, Тажикстан, Индия, Казакстан, Монголия, Таиланд, Сирия, Тайвань, Өзбекстан, Ирак жана Кувейт мамлекеттеринен келген спортчулар эл алдында тааныштырылды. Мелдеш КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт  агенттигинин директору Мурат Саралиновдун сөзү менен ачык деп жарыяланды. Андан соң КРнын Оор атлетика федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков сөз сүйлөдү. Ачылыш аземинин акыркы мүнөттөрү жергиликтүү ырчы,  бийчилердин чакан шоу-программасына бөлүндү. Эске салсак, мелдеш 8-июлга  чейин созулат. Ага Азия чөлкөмүнөн 14 мамлекеттин 100дөн ашуун спортчусу катышмакчы. Алдын ала белгилүү болгондой, Кыргызстандын намысын 10 спортчу коргойт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.07.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана азаматтар өзүңөрдү көрсөткүлө.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: