Депутат Рысалиев: "Парламенттин жыйынына ИИМден Курсан Асанов эле келет, суроо бергенден уялып калдык"
Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.
Баяндаманы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жасап жатат. Анда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев миграцияны кайсы мекеме координациялай турганын сурады.
"Эмне үчүн баяндаманы Курсан Асанов жасап жатат? Жогорку Кеңеште жыйын болсо эле Курсан Асанов келет. Суроо бергенден дагы уялып калдым", - дейт Рысалиев.
Курсан Асанов берилген суроолорго жооп бере турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

