Бишкекте 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы шаарында тергөөчү болуп иштеген жаран кармалды
Бишкек шаарында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы акча талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында ыкчам аракеттерди жүргүзүп, 100 миң сом пара алып жаткан тергөөчүнү колго түшүрүшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, милициянын Ш.у.А. аттуу ага лейтенанты УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.