super.kg logo

Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сомго жакын пенсияны төлөп бербей коюшкан

 

Социалдык кызматкерлер жетим балдарга тиешелүү 20 миллион сом өлчөмүндөгү пенсияны төлөп бербей коюшкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан маалымдашты.

"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жетим балдар же ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды мамлекет камкордукка алууга тийиш. Жаран каза болгон учурда анын пенсиялык топтомунда чогулган каражат балдарына төлөнүп берилет. Бирок Башкы прокуратура тарабынан текшерүү учурунда 2010-2017-жылдар аралыгында Социалдык фонд тарабынан 14 миң 712 балага тиешелүү 13 миллион 151 миң 176 сом өлчөмүндөгү каражат төлөнүп берилбегени аныкталган. Андан аркы териштирүү учурунда сумманын көлөмү өсүп, 19 миллион сомдон ашкан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин атына жана Социалдык фондго аталган мыйзам бузууларды жөнгө салуу боюнча жазма эскертүү жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.09.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соц.мекемелерди текшеришти керек, коррупциянын баары ошо жерде,жегендин баары ошо жерде,жетимдердин акысын жегендер жазасын алышы керек,айтылып эле кала бербестен
18.09.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Факт барбы сразу кишен салып алып барып тыгып коюш керек анан изилдей берсин канча жегенин,антбесе биздикилер билетке жугурот..
18.09.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетимдин акысын жеген адам онбойт. Козум тируу мен колум мн тапшырган суйунчу пулду ала элекмин документ тапшырган бойдон дайын жок 7 ай болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: