super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу: Ильгиз Билимов жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок ал медаль үчүн күрөштөн четтей элек

 

Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүүдө. Анда Кыргыз өлкөсүнөн бир тууган Илим жана Ильгиз Билимовдор катышты.

Ильгиз Билимов 82 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда грузиялык Айвенго Рикадзе менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө ийгилик грузиялык балбандын тарабында болуп, тилекке каршы, Ильгиз Билимов 0:9 эсебинде утулуп калды.

Ал эми Илим Билимов жарым чейрек финалда япониялык Минта Маеда менен күрөшүп утулуп калган.

Билимовдорду утуп алган балбандар финалга өтсө, анда кыргыз спортчулары көңүл жубатуучу раундда күч сынашып, андан соң коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Айта кетсек, бүгүн дагы 3 кыргыз балбан медалдар үчүн күрөшөт. Анда Эрбол Бакиров финалда алтын медаль менен үчүн күрөшсө, Нуртазин Керимберди уулу менен Акжол Махмудов коло медаль утуп алууга аракет кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: