Бишкекте ити менен дайынсыз болуп изделип жаткан 10 жаштагы бала Арча-Бешиктен табылды

Бишкектин 6-кичи районундагы үйүнөн чыгып кетип изделип жаткан 10 жаштагы Чыңгыз Исаков Арча-Бешик конушунан табылды. Бул тууралуу анын атасы Жеңишбек Усенов билдирди.
"Уулумду ити менен кечки саат 19:00 чамасында Арча-Бешик конушунан таптык. Негизи үй-бүлөм менен 6-кичи районуна көчүп келгенбизге 10 күндөй болду. Бул даректи жакшы өздөштүрө элекпиз. Чыңгыз 18-сентябрда ити менен ойногону сыртка чыккан. Бирок үйгө барчу жолдон адашып шаар жакка чыгып кетиптир. Шаардан үйгө барат экен деп маршруткага отурган. Бирок уулум Арча-Бешикке барчу маршруттук таксиге отуруп алыптыр. Учурда абалы жакшы", - дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
aerforce

19.09.2018. 07:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эсен аман табылса эле болду а то ар кандай жаман ойлор келет экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.