Бишкек ШИИББи: "Эки күн мурун жансыз денеси табылган кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирген. Жанында "Мен чарчадым" деп жазылган кат болгон"
18-сентябрь күнү таңга жуук Бишкекте жаш кыздын жансыз денеси табылган эле. Ал 7-кабаттын чатырынан секирип каза болгонун SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин башчысы билдирди.
Азырынча маркум кыздын аты-жөнү тактала электиги айтылды.
"Кыздын аты-жөнүн тактоого аракет кылып жатабыз. Жанынан телефону жана "Мен чарчадым" деп жазылган кат табылган. Учурда иликтөө иштери уланууда", - деп кабарлашты шаардык милициядан.
Болжолдуу түрдө 20-25 жаштагы азиат түспөлүндөгү кыздын жансыз денеси 18-сентябрь күнү таңкы саат 7:15 чамаларында 7-кичи райондогу үйлөрдүн биринин жанынан табылган. Октябрь РИИБинин ыкчам тобу айтылган дарекке барып, тергөө ишин баштаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.