super.kg logo

Бишкекте ноябрь айында жөө жүрүүчүлөргө гана арналган жол ачылат

 

Бишкекте жөө жүрүүчүлөргө арналган жол менен бирге веложол курулуп жатат. Жолдун ачылышы ноябрь айында болору күтүлүп жатат. Бул тууралуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, түштүк магистралдын эки четине жөө жүрүүчүлөргө жана велосипед тебүүгө арналган жолдун курулушу жүрүп жатат. Анын узундугу 3 чакырым 600 метрди түзүп, Байтик баатыр көчөсүнөн тартып Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин жетет. Магистралдын түндүк тарабындагы жолдун кеңдиги жөө адамдар үчүн 4 жарым метр болсо, велосипед тебүүчүлөр үчүн 1 жарым метрди түзөт. Түштүк жагындагы жолдун кеңдиги жөө адамдар үчүн 2 жарым метр, веложол 1 жарым метр кеңдикте болот. Жол толугу менен жарык берүүчү лампалар менен камсыздалып, 200дөй отургуч, 400гө чукул таштанды челектер орнотулары айтылды. Ала-Арча суусунун үстүнөн өтүүчү 2 көпүрө куруу пландалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: