super.kg logo

Эрте турмуш куруунун терс жактарын диний ишмерлер жайылтышат

 

Ошто “Аялдар тынчтык банкы” коомдук фонду тарабынан “Эрезеге жете элек жарандар менен никеге туруунун алдын алуу” аталышындагы долбоор башталды. Бул долбоор алкагында дин кызматкерлери, эркектер жана аялдар медреселеринин окутуучуларынын билими жогорулатылмакчы.

Маалым болгондой, долбоордун алкагында диний ишмерлерге эрте үй-бүлө куруунун терс жактары тууралуу семинарлар өткөрүлөт. Жогоруда аталган коомдук фонд буга чейин мектептерде, окуучу кыздарга жана ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп маалыматтык кампания өткөргөн.

Коомдук фонддун жетекчиси Гүлсана Абытова элге маалымат жеткирүүдө дин кызматкерлеринин таасири күчтүү деген пикирин айтты. “Эрте никеге туруунун зыяндуулугу тууралуу биринчи кезекте маалыматты ата-энелерге жеткирүү зарыл. Анткени жаш кыздардын тагдыры көбүнчө ата-энелердин чечиминен көз каранды. Үйлөнө турган жаштар турмуш куруудагы жоопкерчиликтер менен таанышкандан соң бул чоң кадамга баруу керектигин түшүнүүсү керек”, - деди Абытова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
19.09.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Чыгармачыл адамдар, адабиятчылар, маданият кызматкерлери адамдардын ички дүйнөсүн байытышы керек, коомдук ан сезимди озгортуш к-к. Биздин дамбалчандар оздору 4 аялга уруксат деп журушсо кантсин. Дин олкодогу маселени чечпейт. Коомдук ан сезимди озгортуш керек. Дамбалчандардан эмне акыл сурайсынар билбейм.
i1urp түзөттү 2018-09-19 10:22:17
19.09.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанагы Чубак деген неменер бир видеосунда айтып жатат: 9 жаштагы кызга нике кыйса болот деп кыжырым келди. Чубака айтаарым акылдуу корунуп, корунгон жерге башынды сала бербечи, ар бир тармактын билимдуу адистери болот. Оздору чечип алышат.
19.09.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Молдокенерди койгулачы. Кайдагы арабтардын жомокторун айтып журушот. Молдолордун максаты - эптеп эркектерге дамбал, аялдарга хиджаб ороп салыш керек. Ушулардын жомогун уккум да келбейт.
erlan2196 түзөттү 2018-09-19 12:09:25
19.09.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erlan2196,Айланайын абайлап суйлочу! Алар Жараткандын,пайгамбарыбыздын(с.а.в) гана созун,осуятын жеткиришет.
19.09.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен алкыш айтам ушундай ХХХХХХХ конул бурбаган дин жолундагы акылдууларга.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-19 12:38:40
19.09.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне жаштар динден,ыймандан алыстап кеткенби?Зерени колдоп,мындай нерсеге каршы пикир айткандар кобойуп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: