super.kg logo

Байланышты башкаруу үчүн жаңы тиркеме

 

Сall-борборго чалуулардын жана узун добуштук менюнун ордуна смартфондор үчүн жайлуу жана түшүнүктүү тиркемелер пайда болду. Бүгүн биз фирмалык «Менин О!» тиркемесинин мисалында өз мобилдик номерин башкаруу канчалык ыңгайлуу болуп калгандыгын айтып беребиз.

"Менин О!" - бул "жылдызчалар-торчолорду", расмий сайтты изилдөөнү, ал гана эмес адис менен сүйлөшүү үчүн добуштук меню менен жүрүүнү алмаштырган тиркеме болуп саналат. Тиркемени бир эле байкап көрөрүңүз менен байланышты "эскиче" башкаргыңыз келбей калат. Эмне үчүн десеңиздер?

Эч кандай узак күтүүлөр жана бюрократия жок

Тиркемеге өз номери менен кирүү үчүн смартфондо/планшетте О! SIM-картасы жана интернет-туташуу керек. Шарт белгини ойлоп таап жана өз номерин киргизүү менен авторизациядан өтүү жетиштүү.

Акча ар дайым көрүнүктүү жерде

Оператордун тиркемеси каалаган учурда сиздин эсебиңизде канча акча бар экендигин, жеткиликтүү мүнөттөрдүн же интернет-трафиктин көлөмүн кабарлап берет. Детализацияны (чыгымдар тууралуу толук баяндама) да тиркемеден түз көрсө болот.

Керектүү гана кызматтар жана опциялар

Тиркеме сизге акылуу/акысыз опцияларды жана так көрсөтүлгөн баасы, түшүндүрмөсү менен жазылууларды да көрсөтөт. Тарифтерди да так ушинтип алмаштырып алса болот. Роумингдеги үнөмдөө үчүн опциялар башка тизме менен кетет.

Жардам жаныңызда

Кээде маалыматты тактоо же бир нерсени ырастоо керек болуп калат. Мындайда ыкчам онлайн-линия иштейт – сиз каалаган сурооңузга сутканын бардык учурунда жооп ала аласыз. Эгерде маселени сөз менен чечүү мүмкүн болбосо, анда тиркеме көйгөйүңүздү тезирээк чечүү үчүн жакын жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңселерине жол көрсөтүп берет.


кошулду





"Менин О!" Сиздин ишенимдүү жардамчыңыз

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: