super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Апа, мен башка улуттагы жигитти сүйөм..."

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Апа, мен орусту сүйөм..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Менин Владимир менен бирге болуу тилегимди атам билсе катуу капа болорун башында эле билчүмүн. Мен үчүн бүтүндөй дүйнөнү бутума төшөп берүүгө, өз жанын, боорун арноого даяр атакем орус адамга турмушка чыгуума уруксат бербеши анык эле... Мен апам менен эч качан жакын болгон эмесмин, ал эми атам болсо менин жашоомдогу эң маанилүү адамым, чоң авторитетим, падышам. Мен үчүн атамды аз да болсо капа кылгандан көрө бүт баарынан баш тартуу, өлүп калуу жеңилирээк. Ал таш боор, катуу эмес эле, бирок өз принциптерине абдан бекем адам болчу, ал эми башка улуттагы адамга кыз берүү атам үчүн таптакыр ооз дагы ачпай турган, мүмкүн эмес иш болчу.
- Мүмкүн эмес, Володя.- Жигитке түшүндүрүүнүн натыйжасыз аракеттерин кылып жатып, анын жанында жүрөгүмдү алгачкы ирет өзгөчө бейпилдик орой түшкөнүн сезип жаттым.

- Сен жакшысың, эң жакшысың. Сендейди экинчи ирет кезиктирбешимди дагы жакшы билем! Бирок мүмкүн эмес..."

Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Сүйсө эмне экен? Жаман улут болбойт, жаман адам болот дегендей. Сүйүүңүзгө жетиңиз".

- "Пендебиз, орус деле адам, анын да жүрөгү бар, сүйсө сүйүп жаткандыр да, кара адамга ак адам жакшы көрүнөт, сары адамга кара торулар жагат".

- "Ар кимдин өзүнүн дүйнөсү бар да, чынбы? Жөн койгула, жүрөккө буйрук бере албайбыз да!"

- "Оруска турмушка чыгып аны ислам динине өткөрүп алса чоң сооп табат деп уктум эле".

- "Кыргыздын кээ бир сөзүнө турбаган, эркек сымал жигитине караганда, сени сүйүп, кадырлап турган жигитти сүйүү эмне үчүн болбосун? Сүйүүгө баары бир, сенин өңү-түсүң, тилиң, жашың, социалдык статусуңду уруп да ойнобойт. Сүйүү келсе тегеректегилердин оюна да кайдыгер мамиледе болуп каласың".

- "Менден жашсың, балким, улуусуң. Менин оюмча, сүйүүгө мас болгон убагың окшойт. Байкап көрсөң, жашоодо бул сүйүүдөн да башка маселелер көп, ал орусту өмүр бою сүйүп өтө албайсың, башыңа кыйын күндөр туш келсе сүйүүң өчөт да калат... Ата-энең бапестеп, эч нерседен кем кылбай окутуп, ичинтип, жедирип өстүрсө эми бойго жетип, колуң ишке барып аларга жардам берүүгө жарап калганда ата-энеңе айткан рахматың ушулбу?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: