super.kg logo

Жубайларын клиптерине тарткан шоу-бизнестин ырчы мырзалары

 

Кыргыз шоу-бизнесинде ырларынын клиптерине үй-бүлөсүн, жубайын тарткан ырчылардын саны күн сайын өсүп барат. Буга жаш үй-бүлөлөрдүн катары көбөйүп жатканы себеп болушу мүмкүн. SUPER.KG порталы буга чейин клиптерине балдар-кыздарын тарткан ырчылар тууралуу жазган болсо, бул ирет жубайларын клипке тарткан ырчы мырзалар тууралуу кеп болмокчу.

Жакында эле бойдокчулук менен коштошкон ырчы Арсендин "Арнадым сага" чыгармасына жубайы Бегайым тартылган. Ырчынын айтымында, клип жубайы экөөнүн үлпөт тоюна арналып тартылган. Башында аны бир гана тойго келген конокторго көрсөтүп, коомчулукка жарыя кылууну каалаган эмес. Бирок менеджеринин сунушу менен элге тартуулоону чечкен.

Дал ушундай эле көрүнүш рэп ырчысы Баястанда да болгон. Ал жубайы Зульфияны "Бир болобуз түбөлүк" ырынын клибине тартып, аны үлпөт той күнү келген элге көрсөтүшкөн. Буга чейин эки жаш кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн кезде да, ырчы "Жарашат" аталышындагы чыгармасынын клибине сүйүктүүсүн тарткан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун жакында эле жарыкка чыккан "Арзуум" аталышындагы ырынын клибине да жубайы Гүлзана тартылган.

Ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен кесиптеш болгондуктан, экөө чогуу аткарган чыгармалар көп. Ошентсе да өзү аткарган "Таттуу махабатым" деген ырынын клибине жубайын тарткан. Клип тартылган кезде эки жаш кыз-жигит болчу. Анда Түркияга эс алууга барып, клип да тарта келишкен.

Ырчы Мирбек Иманбековдун 2014-жылы жарык көргөн "Жаз" аталышындагы ырынын клибине жубайы Бурул тартылган.

Ошондой эле ырчы Съездбек Искеналиев да жубайын клибине тарткан ырчылардын катарына кошулат. Анын "Жубайыма" аталышындагы ырынын клибинен бир канча атактуу түгөйлөр менен катар эле өзүнүн келинчеги Жаркынайды да көрө аласыздар.

Ырчы Айдин Шердин "Толкундайм" чыгармасынын клибине жубайы тартылган. Ырчынын айтымында, бул ырды алгач Амир Аскаров ырдап чыкмак. Бирок Айдин Шерге ырдын сөзү жагып калгандыктан, жубайына арнап ырдап чыгууну туура көргөн.

Ошондой эле ырчы Байыш Момуновдун "Жубайыма" аталышындагы ырынын клибине да келинчеги Динара тартылган.

Келинчегин клибине түшүргөн ырчылардын катарын 60`K тобунун ырчысы Талант Кадыров да толуктайт. Ырчынын "Күзгү махабат" чыгармасынын клибинен жубайы Элмираны көрө аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
19.09.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарынын жубайлары жакшынакай экен,бактылуу болушсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: