super.kg logo

Москвада Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен Бекжан апасы менен жолугушту

 

Москвада клубдагы жаңжалдан кийин унаасы менен Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен Бекжан С. апасы менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда шектүүнүн апасы Жылдыз Ибраимова SUPER.KG порталына билдирди.

"Уулум камакка алынгандан бери жолугууга мүмкүнчүлүк бербей жатышкан. Бекжан "апам кайда, көрсөткүлө" деп ызы-чуу салгандан кийин мени менен жолуктурушту. Баламдын угуучу аппараты иштебей калыптыр. Ал угуучу аппараты жок болсо ачуулуу болуп, психикалык жактан өзгөрүлө баштайт. Мени көргөндө "эмнеге мага чалган жоксуз, мени издеген жоксуз, сизди тиги дүйнөгө кеткен экен дедим" дейт. Уулумду тынчтандырып окуя тууралуу сурасам "башымды унаага сүздүргөндө үйгө качыш керек деп унаага отурганымды билем, андан кийин эмне болгонун билбейм" дейт. Мен ал окуядан 1 адам каза болгонун, жабыркагандар тууралуу айтсам, эч нерсе эстей албай жатканын айтты. Мындан улам медициналык экспертиза дайындалды. 1 айдын ичинде экспертиза окуя болгон учурда балам аффект абалында болгонун же болбогонун аныктап берет", - дейт Ибраимова.

Ошондой эле кылмышка шектүүнүн апасы жактоочу дайындаганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

"Окуя болгондон кийин балабыз күнөөлүү болуп камалат деп эч нерсе кыла алган эмеспиз. Мындан улам санкция жарыяланып балам 2 айга камакка алынган. Азыр жактоочу дайындаганбыз. Учурда ал бардык аракеттерди көрүп жатат. 1-октябрда жактоочунун катышуусунда баламдын соту кайрадан болот. Ал эми жабыркагандардын үчөө учурда ооруканада, алардын абалы жакшы болуп калды. М.Руслан уулуна бүгүн, 19-сентябрда операция жасалып, ийгиликтүү аяктады. Дагы бири жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду, алардын дарылануусу акысыз жүргүзүлүп жатат. Дагы бир жабырлануучунун дарылануусун акысыз кылып сүйлөшүп, документтерин жасатып берейин десем жакындары макул болбой жатат", - деди ал.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Кылмышка шектүү Бекжан С. 2 айга камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(11)
19.09.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бешенеге жазылганын коро беребиз экенда , жапжаш жигиттер бири кордо , бири оорукуанада , бири турмодо , аттин ... , ушул кафелемейди токтотсонорда болот , кыргыздарга чон сабак болуусу керек ушул окуя .
19.09.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
уучу аппараты жокто психикалык жактан озгоруло баштаганын мурунтан билишсе машина алып бербеш керек да мындай учурда, водительское удостоверение алып атканда психиатр кандайча откоргон. Энесинин айтымы боюнча бул балада психоз бар экен да ( нервный срыв ), психоз менен ооругандар жинденгенде озун озу токтото албай контролюн жогото башташат. Бул жерде баланын куноосу чон болуп атат анткени атайылап сузуп олтуруп атпайбы, байкабай сузуп алса кичине куноосу женилдемек. Ар бир ата эне баласын актайт
19.09.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ынтымактуу жол менен чечишип алганы жакшы. Кантип жолун табасыңар, бирок арыз жаздырбай, бир сөзгө келгиле. Жок дегенде "кыргыздар" бири бирин кечиришип, ынтымакка келишти деп орустар оозу ачылсын.
Антпесе "кыргыз" деген сөз бүт жаман окуяларда угула баштады.
19.09.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Берки ооруканада жаткандардан дагы интервью алышса жакшы болот эле
19.09.2018. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Состояние аффекта болсо жазасы женилдетилет баланын
19.09.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бекжан эркексин кичи чыда баары отуп кетет.Сенин кылган ишин мен учун туура.намыстуу екенсин.Колуман келсе оддуший барып турмакмын сага бирок аоыстамын.
20.09.2018. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kriss120,жабыркагпндардын баарын кошуп камаш керек. 10 бала 1 баланы урганы учун жооп беришсин акмактар.
19.09.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акталып чык[moderated] ылайым
20.09.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жабыркаган 10 баланын устунон арыз жазыныз. Баланызда айып жок. Ордунда мен болсом мен дагы олткро сузмокмун
20.09.2018. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кырсык каш кабактын ортосунда... Баарыныздарга сабыр берсин
20.09.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ылайым акталып кетсин.10 зоокур бир жигитти токтмоктоп,анысы аз келгенсип кулагындагысын жулуп алып бир-бирине ыргытып мазакташкан. эже-карындашы,апасын ар бир эркек коргойт,анын устуно анын козунчо тийишип, анан жаман создор менен согуп жатышса,шылдындап отурушса,унчукпай отура бермек беле. Карындашы жана анын курбуларынын козунчо эки жакка турткулоп токмоктошсо.Бул жигит "в состоянии аффекта" болгон. Эже ошол 10 баланын устунон арыз таштаныз,алар да жооп беришсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: