super.kg logo

Астротөлгө: 20-сентябрда төрөлгөн адамдар камкор, ишине так, жоопкерчиликтүү болушабы?

 

20-сентябрда төрөлгөн адамдар табиятынан камкор, түшүнүктүү болушат. Булар жакын адамдарынын көйгөйлөрүнө дайыма кызыкдар болуп, колунан келген жардамын берүүгө ашыгышат. Бул күнү төрөлгөн адамдар кандай кырдаал болбосун андан чыгып кетүүнүн жолун таба билишет. Алар үчүн каржы жааты, акча жашоосунда маанилүү ролду ойнойт. Ошол себептен алдыга койгон максатына жетүү үчүн колунан келген аракетин кылат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар үчүн ички сезимин билдирүү оңой болгону менен, өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылуусу, ага ишеним артуусу көп убакытты талап кылат. Ошол эле учурда алар сүйүктүүсүнүн ишенимине кирип, узак убакытка бирге болуусу үчүн болгон аракетин кылат.

20 санынын алдында төрөлгөндөр жакын адамдары үчүн абдан камкор болушат. Булар көбүнчө башкаруу кызматында ыктыярдуу өкүл болуп иштеп, ийгилик жарата алышат. Материалдык байлык булар үчүн экинчи орунда турат. Жасап жаткан ишине түшүнүү менен мамиле кылып иштейт, бирок ошол эле учурда ар бир иштин акысын алууну да билишет. Албетте, ар бир ишке жоопкерчиликтүү болушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: