super.kg logo

MegaCom: 4G LTE технологиясы дагы 30 айылда жеткиликтүү болуп калды

 

MegaCom Кыргыз Республикасынын жалпы аймагы боюнча, анын ичинде алыскы райондордо да LTE түйүнүн өнүктүрүүнү жана да 4G стандартындагы базалык станциялардын санын көбөйтүүнү колго алып келет.

Өткөн айда жаңы базалык станциялардын ишке киргизилиши менен дагы 30 айыл төртүнчү муун түйүнү менен камсыз болду.

Алар:

  • Чүй облусунун Хун Чи айылы;
  • Ош облусунун Кыргызстан, Арек, Орке, Кең-Сай, Тынчтык, Савай-Арык, Кечкен-Жар, Курбан-Кара, Кызыл-Шарк, Андижан-Махалла, Кенжекул, Барак, Жылкелди, Кызыл-Мехнат, Монок, Каарман, Маданият (Жоош айыл аймагы), Учкун (Мады айыл аймагы), Нойгут, Бел-Кыштак, Жаңы-Кыштак, Коммунист, Кызыл-Байрак, Керме-Тоо, Арал жана Фрунзе айылдары;
  • Жалал-Абад облусунун Масадан жана Ырыс айылдары;
  • Талас облусунун Кайнар жана Көк-Сай айылдары.

4G түйүнү менен камтылган аймактарда болсо техникалык жумуштар аткарылып, натыйжада Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Чүй облусунун Ак-Кудук, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Ош облусунун Жапалак, Кенжекул, Тажик-Махалла, Кашгар-Кыштак, Күн-Элек, Мурдаш, Сөгөндү, Чапаев атындагы айылдарында, Жалал-Абад облусунун Тотия айылында 4G түйүнүнүн сапаты жакшыртылды.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясынын адистери тарабынан 2G жана 3G түйүндөрү менен каптоону мыктылоо жумуштары аткарылды. Жыйырмага чамалуу калктуу конуштардын, Ош жана Чолпон-Ата сыяктуу калк жыш отурукташкан шаарлардын тургундары үн сигналынын сапатынын бир кыйла жакшыргандыгын сезе алышат. Үчүнчү муун технологиясы Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын 25 айылында ишке киргизилди. Байланыш сапатынын жогору болушу компания үчүн абдан орчундуу.

Жакын жайгашкан базалык станциялардын сигналынын деңгээли, 2G, 3G жана жогорку ылдамдыктагы 4G-каптоо аймагы тууралуу маалымат менен каптоо аймагынын картасынан онлайн режимде тааныша аласыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.09.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чаткалды качан карайсынар?
19.09.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенге да келгиле
19.09.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сузактагы айылдаргада койгула сураныч мегакомго отот элек баарыбыз
19.09.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мега ком жакшы, менимче алдабайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: