super.kg logo

Каныбек Иманалиев: "Белизден келди" делген жасалма документти жасап тараткандарга кылмыш иши козголушу керек"

 

"Белизден келди" делген жасалма документти жасап тараткандарга кылмыш иши козголушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев билдирди.

"Башкы прокуратуранын өкүлүнө суроо берейин, Белизден келди делген документтер такталбаган болсо, анда ошол жасалма документти жасаган адамга такталбаган маалыматты таратканы үчүн жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 3 берененин негизинде кылмыш иши козголушу керек.

Мындан тышкары КТРКга кайрылат элем. Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага эфир беришиңер керек. ЭлТР деле силердей мамлекеттик канал, бирок силерчелик төмөн деңгээлге түшкөн жок", - деди Иманалиев.

Эске салсак, 2016-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Абдил Сегизбаевди кабыл алган. Анда Белиз мамлекетинин расмий органдарынан апостиль алынганын билдирген. УКМКнын башчысынын билдиришинче, ал документтер 2012-жылы жогорку кызматта турган 3 адам "Мегакомдун" акцияларын сатуудан түшөт делген 50 миллион доллардан ашык акчаны оффшордук компанияга чыгарууга кызыкдар болгонун күбөлөндүрөт. Документте Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун жана Аида Салянованын аты аталган.

Кийин бул боюнча 2017-жылдын март айында Шыкмаматов, Салянова, Текебаев "жалган маалымат таратып беделибизге шек келтирди" деп сотко кайрылышкан. Алар Абдил Сегизбаев аталган маалыматты айтса, аны президенттин басма сөз кызматы тараткан деп анын ошол кездеги жетекчиси Алмаз Үсөновдун үстүнөн да сотко кайрылышкан. Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Салянова моралдык чыгым катары эч кандай компенсацияны өндүрүп алууну каалашкан эмес. Бирок Өмүрбек Текебаев моралдык чыгым катары 60 миллион сомду өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Бирок соттун чечимдери саясатчылардын пайдасына чыккан эмес.

14-сентябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында УКМКнын Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев Белиз өлкөсүнөн эч кандай документтер келген эмес деп билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
19.09.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Текебаев Атамбаевдин былыктарын ачып,тубуно жетейин деп калганда ушул нерсени ойлоп чыгышып,эптеп бир шылтоо менен камаш керек болгонун алар эмес бут кыргыз эли коруп турган.Ошол Атамбаевдин приказын аткарып,жасалма документ жасап кылмыш козгогон бардык катыштыгы бар адамдарга кылмыш ишин козгоп камаш керек срочно.Бугун Сегизбаев буларды укса срочно качып кетиши мумкун,олкодон чыкпай турган кылгыла бугунтон баштап и териштируу буткучо камагыла нары...
19.09.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган маалымат тараткандарды тезинен териштирип чыкпаса болбойт. Мындай кылмыш иштерин тезинен териштирип чыгыш керек.
19.09.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камачуларды камаш керек каяктагы жалган документтер менен ЖК эле эмес буткул Кыргызстан элин алдап жатпайбы бул кылмыш ишин козгош керек.
19.09.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
А.Сегизбаев Атамбаевге эң жакын саясий фигура катары кызмат кылганы белгилүү. Ал коомчулукта мыкты пиар-менеджер катары таанылган. Сегизбаев “кара пиарды” мыкты уюштуруп, ал жасаган иштер натыйжалуу жыйынтыктарды алып келген. Ошол үчүн да саясаттагы интриганы, маалыматтарды бурмалоону, коомчулуктун аң сезими менен ойногонду укмуш өздөштүргөн “алмашкыс кадр” болуп турган.
19.09.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сегизбаевдин бул билдирүүсү — коомчулукту кезектеги коркутуп-үркүтүү. Эч нерсе болмок эмес. «Өздөрү чагым салып, тополоң уюштурмак беле?» деген суроо туулат. Мен Сегизбаевдин жообунан “кичинекейин эле жасагам, андан да чоңун жасамакмын” дегенди түшүнүп жатам. Аягында өзү эле эмес, бийликтин баарын шерменде кылды. Эл арасында “булар чагымдын артынан чагым уюштура берет турбайбы” деп комитетке болгон ишеним жоголуп жатпайбы.
19.09.2018. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Белизбаев байкен уже москвада же астанадаго Ош баткенде жоок жок уже
19.09.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанторо акеда ооруй баштаптыыр туугандар
19.09.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сегизбаевди камагыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: