super.kg logo

Президенттин кымбат ресторанда тамактанганы кыйынчылыкта жашап жаткан Венесуэла элин кыжырлантты

 

Экономикалык кризисти баштан кечирип жаткан Венесуэла эли президенттин Стамбулдагы кымбат ресторанда тамактанганына кыжырланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Интернетке чыккан видеодо президент Николас Мадуронун Стамбулдагы кымбат ресторандардын биринде тамактанып, тамеки тартып отурганын, ашпозчу ага этти өзгөчө берилүү менен кесип берип жатканын көрүүгө болот. Президент Николас Мадуро Венесуэлага инвестиция тартуу максатында Кытайга барган. Кайра келе жатканда Стамбулга токтоп, жубайы экөө ресторанда тамактанышкан.

Венесуэлада азык-түлүк жетишсиздигинен жашоочулардын 64 пайызы орто эсеп менен 11 килограммга чейин арыктаганы айтылат. Жаш балдардын тамакка тойбой жатканы күч алганы маалымдалган. 2014-жылдан бери өлкөдөн 2,3 миллионго жакын адам чыгып кеткен. Дал ушундай кырдаалда президенттин чет өлкөдөгү түшкү тамагы элди кыжырлантты.

Президент маалымат жыйында бул боюнча "Бизди ашпозчу Нусрет жеке өзү тейледи. Сүйлөшүп, убакытты жакшы өткөрдүк", - деген.

Видеону өзүнүн баракчасына жүктөгөн түркиялык ашпозчу Нусрет Гёкче да сынга кабылды. Ага карата "Уят! Венесуэлада ачкалыктан миңдеген адамдардын өлүмүнө жоопкерчиликтүү болгон адамга кызмат кылдың" деген сындар айтылган.






Президенттин заңгыраган ресторанда тамактанганы Венесуэлада кыжырданууну жаратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.09.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Диета кармап арыктаймын дегендер Венесуэлага баргыла диетасыз арыктайсынар
19.09.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
lenin1870,Чындыгында бул эн чон койгой. Биздин курсагыбыз кудайга шугур ток. Чон киши го чыдайт жаш балдарга кыйын эле да. Сенин жазганын шылдындагандай болуп калыптыр.
20.09.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нусреттин эмне тиешеси бар, ага акчасын толосо бомжга деле эт кесип берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: