super.kg logo
  Саясат  

УКМК төрагасы камакта ооруп жаткан саясатчылар тууралуу: "Абак деген абак, курорт эмес"

 

Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев абактагы саясатчылар Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап жатканын айтты.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов: "Абак деген абак, курорт эмес. Бирок ошону менен бирге шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Осмонбек Артыкбаев сыркоолоп ооруканага үч жума жатып, жүрөгүнө операция жасатты. Жантөрө Сатыбалдиев дүйшөмбүдөн бери ден соолугу текшерилип жатат. Кечээ өзүнүн дарыгерине барып, ооруканага жаткырылды. Бизде абактагыларды кайтарган балдардын саны көп эмес. Аларсыз болбойт экен. Ошол себептен баарын тең бир мезгилде ооруканага жаткыра албайт экенбиз. Аларга акыйкатчы, депутаттар, мен кирип турам. Өз убагында медициналык жардам бергенге аракет кылабыз", - деди.

Сатыбалдиев 18-июнда Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. 20-июнда Биринчи Май райондук соту Жантөрө Сатыбалдиевди тергөө бүткөнгө чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган.

Осмонбек Артыкбаевге 5-июнда "Бишкек ЖЭБди модернизациялоо" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: