super.kg logo

Чыныгы жигиттер тууралуу тартылган "Көк бөрү" тасмасынын бет ачары болуп өттү

 
Тасманын жаратуучулары
Руслан Акун жана Нурбек Айбашов
Бет ачарга келген көрүүчүлөр
Тасманын башкы каармандарынын бири Гүлназ Жоланова
Эмил Эсеналиев жана Асылхан Төлепов
Бет ачарга келген белгилүүлөр
Депутат Жанар Акаев менен ырчы Асылбек Өзүбеков
Экс-президент Роза Отунбаева

19-сентябрда белгилүү режиссёр Руслан Акун продюсер Нурбек Айбашов менен биргеликте тарткан "Көк бөрү" тасмасынын бет ачары болуп өттү.

Тасманын сценарийинде каармандар арасындагы окуялар барган сайын чиеленип, өрчүп отуруп, кульминациясы эң соңунда орун алган. Диалогдор учурдун актуалдуу темаларын камтыган. Мисалга алсак, "Азыркы күндө канчалык элдин акчасын уурдап, тоносоң, ошончолук сыйга ээ болосуң" деген сыяктуу сүйлөмдөр.

Фильмде башкы каармандардын ролун казак актёру Асылхан Төлепов, Гүлназ Жоланова, "тамашоучу" Эмил Эсеналиев аткарган. Эсеналиевдин айтымында, көк бөрү оюнунда атка сүйрөлгөн жерин каскадёрсуз өзү аткарган.

Тасма көрсөтүлүп бүткөн соң көрүүчүлөрдүн арасынан экс-президент Роза Отунбаева чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө "Фильмди көрүп отуруп, көк бөрү тууралуу дагы да тереңдетилген маалымат ала алдым" деди.

Ал эми тасманын режиссёру Руслан Акун буларга токтолду:

"Алгач атайын изилдөө тобун түзгөнбүз. Алар көк бөрүчүлөр менен чогуу жүрүп изилдөө жүргүзүштү. Андан соң гана алардын маалыматтарына таянып, сценарийди 8 айда жазып бүттүм".

Эске салсак, Руслан Акун "Салам, Нью-Йорк", "Апамды издеп" тасмаларынын режиссёру катары белгилүү.






"Көк бөрү" тасмасында роль жараткан Эмил Эсеналиев: "Атка сүйрөлгөн жерди каскадёрсуз ойнодум"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.09.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты режиссордун мыкты киносун дароо көрүү керек
SUPER.KG видео
20.09.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттан жыгылсан, ат жалын тосот, эшек туягын тосот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: