Кара-Кулжада мындан 3 жума мурун сууга чөгүп кеткен 8 жашар баланын жансыз денеси табылды
Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүндө 3 жума мурун сууга чөгүп кеткен 8 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чалма айыл өкмөтүнүн 2010-жылы туулган Р.Н. аттуу тургуну Тар суусуна 29-август күнү чөгүп кеткен. Ошол убактан бери издөө иштери жүрүп жаткан. Баланын жансыз денеси 19-сентябрь күнү Сай айылында суунун жээгине чыгып калган жеринен табылган.
Баланын денеси туугандарына өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.