super.kg logo
  Спорт  

Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Кыргыз спортчуларынын атаандаштары аныкталды

 

Азербайжандын Баку шаарында кечээ, 19-сентябрда дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун чүчү-кулак таштоо аземи орун алды. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан SUPER.KG порталына билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн атынан турнирде 9 спортчу катышууда. Аларды улуттук курама команданын машыктыруучусу Абдужалил Юнусов коштоп барган.

"Дүйнө чемпиондугу бүгүн, 20-сентябрда старт алат. Биринчи мелдеш күнүндө эркектер жана кыз-келиндер арасында 2 медалдар топтому ойнотулат", - деп билдиришти федерациядан.

Кыргыз дзюдочулары беттеше турган спортчулар:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Миху Дорин (Молдова) - Баяман Сагынбай уулу (Кыргыз өлкөсү);

Матияж Трбович (Словения) - Отар Бестаев (Кыргыз өлкөсү).

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Бектур Рысмамбетов (Кыргыз өлкөсү) - Чигуанг Ву (Кытай);

Ян Санчо Чинчила (Коста-Рика) - Артур Те (Кыргыз өлкөсү).

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мохаммад Мохаммади (Иран) - Ишен Аманов (Кыргыз өлкөсү).

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Сотара Фижувара (Япония) - Владимир Золоев (Кыргыз өлкөсү).

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Фарух Булекулов (Кыргыз өлкөсү) - Михаил Марчитан (БАЭ)

100 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Бекболот Токтогонов (Кыргыз өлкөсү) - Тувшинбаяр Найдан (Монголия);

Юрий Краковецкий (Кыргыз өлкөсү) - Энди Гранда (Куба).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: