super.kg logo

Өкмөт башчы коомдук жайлардагы чыккан өрт маселесин жеке көзөмөлүнө алды

 

Акыркы мезгилдеги базарлардагы жана коомдук жайлардагы чыккан өрт маселесин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев парламент жыйынында билдирди.

"Депутаттар айтып жаткан өрт маселеси боюнча өкмөт иштерди баштаган. Өкмөт башчы бир жумалык мөөнөттө базарлардагы жана коомдук жайлардагы өрткө талаптардын сакталышын тапшырды. Бул маселе боюнча өкмөттө чоң жыйын өттү. Жыйынга ИИМден, ӨКМнын өкүлдөрү жана тийиштүү кызматтар катышып, өкмөт башчыга маалыматтарды беришти. Бул маселе өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө турат", - деди Темирбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: