super.kg logo

Баткенде жогорку окуу жайга 56 студенттин мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталды

 

Баткенде жогорку окуу жайга 56 студент окууга мыйзамсыз алынган. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы Баткен мамлекеттик университетинин мурунку ректору Г.М. аттуу жаран, окуу жайдын бир катар кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаарындагы колледждин директору жана Оштогу "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык музей-комплексинин директору жарандар менен биргеликте жасалма документтер аркылуу БатМУнун жогорку курстарына студенттерди окууга киргизгендиги аныкталган. Мындай схема аркылуу жалпы 56 студент окууга кабыл алынган. Бул факт боюнча 3 кылмыш иши козголгон.

Баткен райондук соту бул ишти карап чыгып 6 мугалимге жана бир жаранды күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратты. Дагы 3 жаранга карата козголгон кылмыш иштери эскирүү мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу токтотулган. Ошондой эле соттун чечими менен 39 студенттин жогорку билимдүүлүгү тууралуу дипломдору жокко чыгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.09.2018. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шу каерден болсода амалини тавып жеп калайын,алып калайын дейта адамдар.
20.09.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kolyn, тилиң кызытат го?)
21.09.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kolyn,))) кыргыздар жашайбы жанынарда
20.09.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип киргизишти экен олду го
20.09.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кылгандардын аты жонун толук жазса соонун болмок
22.09.2018. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар. Ушундай дагы текшеруу журуп турганы жакшы. Текшергендердин ишине ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: