Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу: Отар Бестаев өзбек атаандашын утуп, жарым чейрек финалга өттү
Бүгүн, 20-сентябрда Азербайжандын Баку шаарында дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Мелдештин алгачкы күнүндө спортчулар 2 салмак ченинде күч сынашууда.
60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев менен Баяман Сагынбай уулу килем үстүнө чыгышты.
Отар Бестаев 1/16 финалда өзбекстандык Шаруффидин Лутфиллаев менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Отар Бестаев 1:0 эсеби менен жеңишке жете алды. Муну менен Отар Бестаев жарым чейрек финалга аттанып, анда кореялык Херим Ли менен күч сынашат.
Буга чейин Бестаев 1/32 финалда словениялык Матжяз Трбовичти 1:0 эсеби менен утуп алган.
Ал эми Баяман Сагынбай уулу алгачкы беттешинде молдовалык Миху Доринге утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
mer88

20.09.2018. 15:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ. "Жарым чейрек финал" деген эмне деген ойду тушундурот? Полу четверть финал туура эмес котромону берип жатат окшойсунар
Aisha02

20.09.2018. 16:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mer88, орустарда 1/8 финал деп эле койот, туура эле соз"Жарым чейрек финал" деген
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.