super.kg logo

Малайзиянын мурдагы премьер-министри 700 миллион долларга жакын мамлекеттик акчаны өзүнө өткөрүп алган деп айыпталып камакка алынды

 

Малайзиянын коррупция менен күрөшүү комиссиясы өлкөнүн мурдагы премьер-министри Нажиб Разакка дагы кошумча айып тагып, камакка алды. Тактап айтканда, ал мамлекеттик казынадагы 627,79 миллион доллар каражатты өзүнүн банктык эсебине которуп алган деп айыпталууда. Бул тууралуу Корруцияга каршы агенттиктин расмий баракчасы жарыялады. Ал эми саясатчы муну моюндаган эмес.

Буга чейин анын жалпысынан 277 миллион долларга бааланган байлыгы мамлекетке тартып алынган болчу. Себеби Разактын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда накталай акча, зер буюмдары жана көп сандагы териден тигилген баштыктар бар болуп чыккан. Бул Малайзиянын тарыхындагы биринчи жолу саясатчынын эң кымбат баадагы мүлкүн камакка алуу болуп эсептелет.

Эске салсак, аталган өлкөдө май айында парламенттик шайлоо өтүп, 92 жаштагы оппозиция лидери Махатхир Мохамад жеңишке жеткен. Жаңы бийлик саналуу күндөрдөн кийин эле Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Анткени оппозиция аны коррупцияга малынган, казынадан миллиондогон доллар уурдаган деп айыптап келген.

2009-жылы Малайзиядагы инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн түзүлгөн 1MDB мамлекеттик инвестициялык фондуна байланыштуу 2015-жылы чыр чыккан. Анда фонддон 3 миллиард 500 миллион доллар уурдалгандыгы белгилүү болгон. Аталган фонддун консультациялык кеңешин башкарган Разакты 700 миллион доллар уурдаган деп айыпташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.09.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм
20.09.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А бизде ашыкча жеп аш кылаалбай калган экспримьерди абактан чыгарып дарылатып жатышат.Болгондо да мамлекеттик ооруканада.
20.09.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупция менен чыныгы күрөш Малайзияда жана Арменияда жүрүп жатат! Бизде болсо өзүбүздү өзүбүз алдамай күрөш жүрүп жатат!
21.09.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 млярдга жеткирип алайын деген экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: