super.kg logo

Бишкек шаарында бала сатууга шектелип бешинчи адам камакка алынды

 

Бишкек шаарында бала сатууга шектелген дагы бир жаран камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.

"Буга чейин бала сатууга шектелип 4 адам камакка алынган. Аларга "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголгон. Учурда бул кылмышка тиешеси бар дагы бир медицина кызматкери камакка алынды. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары аягына чыга элек", - деп билдирди Аманкулова.

Буга чейин бала сатууга шектелип кармалгандар - №1-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологу, №18-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу, дагы экөө Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринин кызматкерлери экени айтылган. Буга чейин бала сатууга шектелип кармалган 4 гинеколог соттун чечими менен №1-СИЗОго 2 айга камакка алынганы маалым.

Эске салсак, милиция кызматкерлери тарабынан 7-сентябрь күнү Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.09.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рас болот.акча десе коздорун май басып калышат.адамдык сапат дегенди билбегендер.кантип дитинер барды биронун журогунун астында жаткан баласын сатканга.ошол камалган гинеколог пинекологдордун балдарын саткыла.же оздору эми оз балдарын сатып акчасын сотторго берип кутулсун.ошондо билет бала кандай экенин.жакшы иш болду кармалып кармалбаса дагы канча ата эне сыздамак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: