super.kg logo

Бишкекте бала сатууга шектелип кармалгандардын бири кош бойлуулуктун 8-айындагы аялга аборт жасаган. Окуянын чоо-жайы

 

Бишкекте бала сатуу фактысына шектелип кармалгандардын бири 8 айлык кош бойлуу аялга аборт жасаган. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG'ге укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя август айынын башында Бишкек шаарында орун алган. Анда кош бойлуулуктун 32 жумалыгында келин Москва көчөсүндө жайгашкан жеке менчик клиникалардын бирине боюнан алдыруу үчүн кайрылган. Кош бойлуу келинге тиешелүү дары-дармектер берилип, клиниканын гинекологу ага аборт жасаган. Кийин келин эсине келип, ызы-чуу салып, "дарыгерлер тирүү төрөлгөн баламды сатып жиберди" деп милицияга билдирген.

Жеке клиникага милиция кызматкерлери келип, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Кийин клиниканын бир нече кызматкери жана аборт жасаган гинеколог милиция бөлүмүнө жеткирилип суракка алынып, алар окуянын чоо-жайын түшүндүрүп беришкен. "Кош бойлуу келин боюнан алдыртуу үчүн бир нече жерге кайрылып, бирок түйүлдүк чоң болгондугуна байланыштуу дарыгерлер баш тартышкан", - деп билдирген кош бойлуулуктун 8-айындагы аялга аборт жасаган гинеколог.

Учурда бала сатууга шектелип 5 адам камакка алынды. Аларга "адам сатуу", "жасалма документ жасоо", "мыйзамсыз аборт жасоо" беренелери менен кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Кош бойлуулуктун 8-айында аборт жасаган гинеколог да бала сатууга шектелип камакка алынганы маалым.

Мыйзам боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында 22-жумага чейин гана аборт жасоого, анда да медициналык көрсөтмөсү же социалдык себептери болсо мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.09.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх жараткан ушул аборт жасагандарга да жасаткандарга да озун ыйман ынсап мээрим бере коооор,
20.09.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
7 айлык төрөлгөн балдар жашап кетет го негизи. 8 айлык бала кадимкидей эле бала го. Аны кантип аборт жасатканга жана жасаганга дити барды. 7 айлыгында эптеп төрөтүп алышпайт беле..
20.09.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калп соз ишенбейм анткени 8айлык баланы деле кадимкидей толготуп торойт,укол салып торотуштуда торогон келин деле айбан эмес да ошончо курсагына которуп анан талаага таштагандай. Баланы сатпаса врачтар баланын олугун беришпейби байкуш энени чыркыратпай. Врачтардын ойлонгон амалы ушул вариант менен женил кутулабыз деп жатышканго сыягы.
21.09.2018. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала менен бизнес жасайм дегендерди олум жазасын берсе кудайым ошондо токтойт эле.
21.09.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сегиз айлык курсактагы балага аборт деген не шумдук? Сегиз айында аборт кылдырам деген келин да жоопко тартылсын.Баланын, омурдун баркын билбеген ото томон адамдар. Кошулганды билген сон, сактанганды билбеген айбан эмес адам го? Ар бир кадамды жоопкерчилик менен таштаганды уйронсок. Озгочо эркектер урукту ар кайсы жака чача бербей. Жоопкерчиликти билуунор керек эмеспи.
21.09.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fortuna1987,++++++
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: