super.kg logo

Кара-Сууда автоматчан кылмышкерди кармоо операциясы жүрүүдө. Ал милицияны аткылайм деп коркуткан

 

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жүгөрү талаасында автоматчан жашынып жүргөн кылмышкерди кармоо операциясы жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 14:00 чамасында милицияга "издөөдө жүргөн кылмышкерди Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк" деген билдирүү түшкөн. Аталган аймакка милиция кызматкерлери барганда издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаев автоматтан ок чыгарам деп коркутуп изин суутуп кеткен.

"Кылмышкер 2017-жылы декабрь айында Казакстандагы абактан качып чыгып, кийин Кыргыз жеринин аймагында жашырынып жүргөн. Милиция кызматкерлери аны кармоого барганда ал автоматтан аткылайым деп коркуткан. Жанында дагы эки адам болгон, алар унаасына отуруп изин суутуп кеткен. Кылмышкер Кара-Суу району менен Ош шаары чектешкен аймактагы жүгөрү талаасында бекинүүдө. Учурда аймак курчоого алынып, тиешелүү кызматтар иш алып барууда", - деп билдирди Ашырбаев.

Эске салсак, Ж.Б. өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Жылдызбек Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
20.09.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кармаш керек эми качырбай
20.09.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Автомат менен атам десе милициялар оздору качып кеткен окшойт.
20.09.2018. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин милицияда автомат жокпу, дубинка элеби бечараларда.
20.09.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курал кармаган кылмышкерди жок кылабыз деп генерал майор М. Турганбаев айткан.
20.09.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Beka9393, Атып жок кылыш керек андай кылмышкерлерди.
20.09.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш Казахстанда 6 ай тынч эле олтуруп алып чыкпайт белен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: