super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкектин Чүй кең көчөсүндөгү жер алдынан өтүүчү өтмөктө электр жарыгы жок, заара жыттанып турат" дейт окурман

 

Бишкектеги Чүй кең көчөсүнүн Фучик көчөсү менен кесилишине жакын жердеги жер алдынан өтүүчү өтмөккө электр энергиясы орнотулган эмес. Бул тууралуу окурман кабарлап, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Анын айтымында, жер алдынан өтүүчү өтмөктүн ичи күнү-түнү караңгы болуп турат.

"Кирип чыкканга чейин андагы жыттан кыйналып кетесиң. Заара жыттанып турат. Бул жер шаардын дээрлик борбордук бөлүгү. Бирок мындай абалда тургандыгы уят", - деген ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.09.2018. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маселенени которуп чыгыптыр. Азамат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: