Якутияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кыргыз кинолорунун эл аралык фестивалы өтөт
Якутияда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата алгачкы жолу кыргыз кинолорунун эл аралык фестивалы өтөт.
Маалым болгондой, фестиваль 8-октябрдан 12-октябрга чейин уланат. Анда көрүүчүлөргө жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган "Биринчи мугалим", "Жамиля", "Кызыл алма", "Саманчынын жолу", "Ак кеме" жана башка тасмалар тартууланат.
Айта кетсек, жакында жазуучунун 10 томдук жыйнагы жарык көрөт. Китеп Кыргыз өкмөтүнүн тапшырмасы менен орус жана кыргыз тилдеринде миң нускада чыгат. Аталган томдуктар өлкөдөгү китепканалардын фондун толуктоо үчүн таратылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.