Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Тажик жараны кармалды
19-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
"19 жаштагы М.М. аттуу Тажикстандын жараны көзөмөл бекеттеринен сырткары жерден Кыргыз-Тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Ал чек ара сызыгынан 500 метр аралыкка өтүп, Кыргыз аймагынан кармалган. Териштирүү учурунда аты-жөнүн тактоочу документтери жок болуп чыккан. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык, кармалган адамга айып пул салынып, тиешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө тапшырылган", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.