super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Бабановго эки кылмыш иши козголгон, анын бири токтоп турат"

 

Мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш ишинин бири токтоп турат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Биринчиси 2017-жылдын 4-ноябрында "улуттар аралык кастыкты козутуу", "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренеси менен козголгон. Билдирүүдө белгиленгендей, учурда жогорудагы кылмыш иши токтоп турат.

19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши токтоп турганын билдирген.

2017-жылы 4-ноябрда Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн. Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 30-декабрда ал саясаттан биротоло кете турганын да коомчулукка жарыялаган.

Ал эми 28-мартта Өмүрбек Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон. 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: