super.kg logo
  Саясат  

“КРнын айрым жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

 

Бүгүн, 4-июлда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынып, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жергиликтүү кеңеши, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңеши, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңеши таркатылмакчы. Аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2013-жылдын 18-августуна дайындалат. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: