"Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт" дейт Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору
Быйыл электр энергиянын тарифи өзгөрбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда КСДПнын жыйынында өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев билдирди.
Депутат Жылдыз Мусабекова электр энергиясын керектөөдө 2 миң киловатт саатка чейинкисин 70 тыйындан төлөө сунушун айтты. "Бул маселе 3 жылдан бери айтылып жатат. Башка аймактарда бир үй-бүлө кыштан 2 тонна көмүр менен чыкса, Нарында 5 тонна менен чыгат", - деди Мусабекова.
Нурбашев: "Быйыл электр энергиянын тарифи быйыл өзгөрбөйт. 2019-2023-жылдары жаңы тарифтик саясатты киргизебиз. Сиз айткан маселе 2019-жылы каралат", - деди.
Учурда жыйында күз-кыш мезгилине карата даярдык тууралуу каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.