super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченконун чемпиондук кур үчүн беттеше турган атаандашы белгилүү болду

 

Мушкер Валентина Шевченко чемпиондук кур үчүн 57 килограммга чейинки салмак ченинде польшалык Йоанна Енжейчик менен беттешет. Бул тууралуу UFC`нин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, UFC 231 турниринин алкагындагы беттеш 8-декабрда Канаданын Торонто шаарында орун алат.

Енжейчик 2015-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылга чейин чемпион болуп турган. 2017-жылдын ноябрь айында Роуз Намаюнастан жеңилүү ызасын тартып, чемпиондук курунан айрылган. 2018-жылы реванш алууга мүмкүнчүлүк алып, бирок кайрадан жеңилип калган.

Белгилей кетсек, 57 килограммга чейинки салмакта чемпиондук кур АКШлык Никко Монтаного таандык болчу. Ал чемпиондук курун коргоо үчүн Шевченко менен беттешмек. Бирок ал ден соолугунун начарлаганын айтып, беттештен баш тарткандыгы үчүн чемпиондук курдан ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
21.09.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Валя
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: