super.kg logo
  Саясат  

Илим Карыпбеков "Белизгейт" боюнча КТРКнын башчылыгынан кетер-кетпеси тууралуу жооп берди

 

Бүгүнкү күндө коомчулукта бул маселе кайра көтөрүлүп, айрымдар КТРКнын башчысы Илим Карыпбековдун парламенттеги "Белизгейтке" байланыштуу "кызматтан кетем" дегенин эстетип сөзүнө турууну талап кылышууда.

Карыпбеков буга байланыштуу төмөнкүдөй жооп берди. "Белизгейт" маселесин КТРК жана Карыпбеков ойлоп чыгарган эмес. Биз расмий мамлекеттик органдар жана жооптуу кызматта отурган адамдардын билдирүүлөрүн таратабыз. Эми он жылдан кийин дагы бир адамдар жооптуу кызматка мамлекеттик органды жетектеп келип "жок, бир адамдардын акциялары чын эле бар экен" деп чыгышса, кайра КТРКнын директору күнөөлүү болобу?" - деп жазды Карыпбеков.

Эске салсак, 2016-жылы 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Белизгейт" чуусу кызуу талкууланган. Анда "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев КТРКнын башчысына кайрылып, эгерде Өмүрбек Текебаевге, Алмамбет Шыкмаматовго, Аида Саляновага тагылган айыптар далилденбесе, ал кызматтан кетүүгө даярбы деп суроо узаткан.

Карыпбеков бул суроого дароо жооп бербей койгон. Кийин ал "ата мекенчи" Айсулуу Мамашевага жооп берип жатып, Иманалиевдин суроосуна төмөнкүдөй жооп кайтарган. "Мыйзамда көрсөтүлгөн шарттарга ылайыгы келип калса, албетте, кызматтан кетем. Мен бул жерге келгенде түшүнгөм, ар бир сөздү текшердимби же текшербедимби, баары бир мен ошого жооп береримди билгем. Мени жооптуу кишилер ошол жерге ишенип койгондон кийин, мен жоопкерчиликти моюнум менен тартам, өзүмдүн керт башым менен тартам", - деген Карыпбеков.






"Белизгейт". Карыпбеков качан отставкага кетерин айткан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: