super.kg logo

Кубанычбек Кулматовду жубайы менен жолугуштурбай жатканы боюнча УКМК жооп берди

 
Кубанычбек Кулматов
Жамиля Турганова
Жамиля Турганова жарыялаган күбөлүк.

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов менен жолугушуу боюнча Ж.Т. аттуу жарандан 4 ирет арыз келип түштү. Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка караганда, тийиштүү документтер жок болгону үчүн Кулматовго жолугушууга уруксат берилген эмес.

"Кулматов менен жолугушуу боюнча Ж.Т. аттуу жарандан бизге 4 жолу арыз келип түштү. Бирок анда анын аялы экенин тастыктаган документ берилген эмес. Бул боюнча арыз ээсине да түшүндүрүлдү", - деди Сулайманов.

Буга чейин Жамиля Турганова УКМК күйөөсү Кубанычбек Кулматов менен жолугушууга уруксат бербей жатканын айтып чыгып, 7 жолу арыз жазганын билдирген. 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында аталган маселени депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина да көтөрүп чыкты. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун айтымында, Кулматовго эч кандай чектөө коюлган эмес. Турганова интернетке Кулматовдун мыйзамдуу жубайы экенин тастыктаган күбөлүктүн сүрөтүн да жарыялады.

Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
21.09.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыйзамдуу айалы болсон болгондурсунда сени мыйзамдуу айалы экен Деп эле уруксат бере бериш керекпи .ал жерди турмо Дейт ресторан эмес жолугушуу уйуштургу дай. Бир береке спалныйда бергиле деп арыздансан болмок
22.09.2018. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Janyjol.86, Билбегенден кийин суйлобой эле койбойсунбу. Мыйзам боюнча жакын туугандары менен жолугуштурууга жол берилет. Алар мыйзамда каралган укугун колдонгону жатышат.
22.09.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Makedonia, аялы болсо аялы деген нике куболугун которуп барбайбы? Жогоруда жазылып турат арыз жазганда аялы экендигин аныктаган документ берген эмес. Арызды жазсын, нике куболугун копиялап берсин.
22.09.2018. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Beck_13, Анын аялы арыз жазганда мен жанында болгон эмесмин. Ошондуктан копиясын коргозгонбу жокпу анысын билбейм. Мен Janyjol.86 нын жазганына гана жооп жаздым. Ал айтып атпайбы аялы болсон эле уруксат бериш керек беле деп. Закон боюнча жолугушууга уруксат берилген.
Makedonia түзөттү 2018-09-22 10:00:20
22.09.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Makedonia, сен озунчо эле мыйзамды билген Адам болбочу э мага акылы уйротуп .байкашымча кулматовдун кайниси окшойзун. Мункун деп эле жолуга берсе болобу .андай болзо сени катынын бала чакасын чогултуп эле ошол жерден комната берип койуш керек ко дей жыргай бергиле деп
22.09.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кулматовдон башкаларын качып кеткен Шаадиев..Калиевдерди соттоп алышса болмок буга караганда 10эсе коп жешти..
22.09.2018. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Двойной гражданство деп чыгарышпады беле бир кезде ушу Биздин мыйзамдар перчаткидей эле алмаша берип тажатты..
22.09.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кулматов мамлекетти тоноп ири акчанын баарын жеген. Кыйратып деле иштегенин көрө алган жокмун. Мындай женичтердин орду түрмөдө болушу керек.
22.09.2018. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматовдун канчанчы аялы экен? Кызматынан пайдаланып кутуруп, мамлекеттен уурдаган мүлктөрүн жаш аялдарына каттатып... көптү эле... Эми ушулардын баарынын жазасын алышы керек
22.09.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсыл аялы экен баягы Российский гражданствосу баарыбы же Кыргызстандын граждани арызданыптырбы, торага айпадыбы Кулматовго чектоо жок деп бул да окшото берет экенда жалган жашыкты айтып.
22.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А байкуш сдпкчлар Эми силердин башынарга тушуп жатабы ушундай кун. Текебаев Жапаровдорду канча кордодунар эле Эми кезек келип желинер чыгып жатабы.
ady-88 түзөттү 2018-09-22 11:06:10
22.09.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл ырыскысын жегендерди турмонун тубундо чиритиш керек!! Барганда аялын кошо камап салыш керек эле! Куйосу кандай жол менен акча алып келип жатканы аялына да маалым го. Эмнеге ошондо кой деп койгонго жарабай эми келип киргизбей жатат деп арызданат!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: