Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов иш сапары менен Нарын жана Талас облустарында болот
Бүгүн, 4-июлда транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 2 күндүк иш сапары менен Нарын жана Талас облустарына кетти. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда министр Нарын облусуна багыт алды.
Иш сапарынын алкагында Калыкбек Султанов Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолдорундагы аткарылган жумуштарды көрүп чыкмакчы. Ошондой эле Кочкор районунун акими менен жолугуп, Көкөмерен суусунун үстүнө курулуп жаткан көпүрөнүн иштери менен таанышат. Андан соң Чат-Базар – Арал – Талды-Булак унаа жолдорундагы иштер менен таанышып, Талас районунун акими менен жолугушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















