super.kg logo

Байтик айылындагы Басбөлтөк тоосун казууга каршы курултай өтүп жатат (сүрөт)

 

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектин четиндеги Байтик айылына караштуу Басбөлтөк тоосун казууга каршы курултай өтүп жатат. Жарандык активист Айбек Мырзанын SUPER.KG'ге кабарлашынча ага жергиликтүү тургундар менен айылдык кеңештин депутаттары катышып жатат. Курултайдын катышуучулары аталган тоо жоголуп кетүү коркунучу бар экенин белгилеп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн топуракты казууга уруксат бербөөгө чакырышууда.

Айбек Мырзанын белгилешинче, буга чейин 7 фирма тарабынан Басбөлтөк тоосунун топурагы казылып келсе, дагы 30дан ашык фирмага уруксат берилип кеткен.

"Байтик баатырдын Басбөлтөк тоосун казууга каршы чыгып, бүгүн 500дөн ашык эл Байтик баатырдын күмбөзүнүн жанына чогулуп курултай өткөрүп жатабыз. Биринчиден, бул жердин чаңы Бишкекти каптап жатса, экинчиден, тарыхый жактан ыйык жер. Учурда дагы 30дан ашык фирмага тоону казууга уруксат берилип кетиптир. Арасында кытайлык ишкерлердин да фирмалары бар", - деди жарандык активист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.09.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бекем тургула кыргыздар! Кудай колдосун!
22.09.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
grace, ушундай активистер чыр чыгара берсе анда биздин олкого инвесторлор келбейт!!!
22.09.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай активистердин ГКНБ козун тез эле тазалап коет,
22.09.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байтиктин Боз-Бөлтөгү деп айтылат. Пас деп туура эмес айтып жүрүшөт. Же жөн эле Боз-Бөлтөк тоосу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: