Москвада Кыргыз өлкөсүнөн барган 2 адам жаңжалдашып, бири экинчисинин көзүнө атып салды
Москвада Кыргыз жеринен барган 2 адамдын ортосунда чыр чыгып, бири каршылашын пневматикалык тапанча менен атып салган. Бул тууралуу 360tv.ru маалымат каражаты укук коргоо органдарындагы жеке булактарга таянып жазган.
Маалыматка ылайык, чырдашкандардын бири экинчисин көзгө аткан. Бул учурда жакын жердеги адамдар тапанчанын үнүн угуп полицияга кабар берген. Азырынча тапанча менен атып салуу менен коштолгон чырдын себеби белгисиз.
"Алар Москванын чыгыш тарабындагы "Ысык-Көл" ресторанынын жанында чатакташа кетишкен. Жабырлануучуну ооруканага алып кетишти. Ал эми ага ок чыгарган адамды полиция кармап кетти", - деп жазылат маалыматта.
Кыргыздын Орусиядагы элчилиги учурда бул маалыматтарды тактоо иштери жүрүп жаткандыгын кабарлады.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-07-16

17:00
2025-07-16
Рейтинг:
-1

Кыргыздар жанылыктардан тушпой хит болмой болдук го!
Муну кырсык дейбизби, тагдыр дейбизби....... маңдайына жазганын көрүп атышат да.