super.kg logo

Бишкекте аскер кызматкерлери "Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт" аталышындагы акцияга чыгышты

 

Бишкек шаарындагы аскер кызматкерлери жана катышууну каалаган тургундар "Эл намысын эр коргойт, эр намысын эл колдойт" аттуу акцияга чыгышты. Иш-чара Коргоо министрлигинин Башкы штабы тарабынан бүгүн, 22-сентябрда уюштурулганын мекемеден маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, акциянын алкагында жүздөгөн аскер кызматкерлери (офицер, сержант, курсант, жоокер, генерал, майор) жана катышууну каалаган тургундар Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен баштап Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанына чейин чуркап өтүштү.

Флешмобдун сап башында Куралдуу күчтөрдүн эмгек сиңирген ардагери, Генералдык штабдын мурдагы жетекчиси Асанбек Алымкожоев турду. Чуркоодон кийин Улуттук Гвардиянын ардак караул жана атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн аскерлери катарга тизилүү ыкмалары, күжүрмөн машыгуулар, мушташ өнөрлөрүн көрсөтүштү. Келген көрүүчүлөр жоокерлердин бул даярдыктарын кубануу жана сыймыктануу менен көрүштү.

Жаш жигиттерди бардык коркунучтарды жеңип мекенге кызмат кылууга чакырган, аскердик кызматтагылар, мекен сакчылар менен калк тыгыз байланышта экенин даңазалаган акция тууралуу буга чейин жарыяланып, каалоочулар кошулса болору айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: