super.kg logo

ИИМ гинекологдор ымыркайларды кимдерге сатканын айтып чыкты

 

Ымыркай сатууга шектелген жогорку билимдүү 5 дарыгер соттун чечими менен СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу 22-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Андагы маалыматка караганда, аталган факты боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында дагы башка шектүү медицина кызматкерлери бар. Шектүү дарыгерлер ымыркайларды Орусия жарандыгын алган кыргыздарга сатышканы да аныкталды.

"Дарыгерлерди кармоо учурунда автоунаалардан ымыркайлардын сөөгү табылган эмес жана алардын артында эч кандай чет элдик жарандар турбагандыгы тергөө процесстеринин учурунда аныкталды. Тактап кете турган нерсе, балдарды сатып алган жарандар Кыргыз жеринде төрөлүп, бирок Орусия жарандыгын алып, ошол тарапта эмгектенип жүргөндөр. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, азырынча үч факты боюнча жаңы төрөлгөн балдардын сатылгандыгы жана балдардын төрөлгөндүгү тууралуу атайын документтер жогоруда кармалган дарыгерлер тарабынан даярдалып берилгендиги аныкталды. Ал эми төртүнчү факт - бул дарылоо менен мажбурлап мөөнөтүнөн мурда төрөтүп, тирүү төрөлгөн баланы чарчап калды деп, өлүгүн көрсөтпөй жана бербей койгон фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган төрт факт боюнча жогоруда айтылган медицина кызматкерлеринин түздөн-түз тиешеси бар экендиги тергөө жана иликтөө учурунда такталган. Учурда аталган кылмыш иштерин так жана объективдүү тергөө ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө турат", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги учурда өлкө аймагындагы бардык медицина жайларын, айрыкча жеке жана мамлекеттик төрөт үйлөрүнүн ишмердүүлүгү жана жарандарга көрсөткөн ар кыл кызматтары боюнча ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Буга чейин бала сатууга шектелип 5 гинеколог кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси (мыйзамсыз боюнан түшүрүү), 124-берене (адамдарды сатуу) жана 350-берененин (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде иш козголгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
22.09.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым, тооба кылдым эмне деген адамдардын арасында жашап жатабыз?((((((
22.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
PROS,адам деп айтканы да тилин барбайт жырткыч айбандагы мындай кылбайт арам акчасы менен балдарын ата энелерин багып кантип тынч укташат кантип ошол арам акчаны синиришет айбандар
22.09.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудайым баарыбызга ыйман ынсап берсин. Куноосуно жараша жазасын алышсын булар да
22.09.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ымыркай ата энесине кайтарылганбы. Ошол жөнүндө маалымат бергиле да
22.09.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Маняк булар. Убагынан эрте укол менен торотушуп тобо. Озулорунун кыздарына балдарына жасашса кандай болот эле. Булардан эч кыпындай дагы жакшылык кутууго болбойтго. Мен анын уйбулосуно боорум ооруйт, балдарына койдун терисин жамынган карышкыр даана ушулар экен. Бироонун балдарын чырылдатып сатып акча кылып огол арам акча менен балдарын багышат. Кыйратып койгонсуп милдет кылышат силерди эшектей иштеп багып журдум деп. Бушул маняктардын бетин коргум келет. Кандай адамдар экен. Буткул эл таанышсын
22.09.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айбандар атып салса да аздык кылат буларды бир келин эгиз деп торотуп бир баласын эле беришкен байкуш келин ыйлап эле кала берген эми балдарын олук торолду деген энелер издеп чыгышса керек кудайдан коркпогон иттер канча энелердин коз жашын агызып
22.09.2018. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россиянын жарандыгын алган Кыргыздар материнский капитал алыш учун ушул кадамга барышат экен.
22.09.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аты жонун суроторун ачык корсотуш керек элдин баары билиш керек кимдер экенин айбандар атып салыш керек иттерди
22.09.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эхх айбан чалыштар, аял го акыры, кандай тозок менен торогонун аял тушунот го? Эми бооруна кысайын деп ,2 козу торт болгон келиндин баласын кантип сатууга колу барды экен? Убалын,эртенкисин ойлошподу бекен,козун май,акча баскандар!!! Албарстылар.
22.09.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп буткончо журоктун ушу кетип кокркосун. Айбанды баласынан айрыбасын. Бул гинекологторго айтаар созум жок.



.
22.09.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде айла жоктун да иши бар мисалы алданып калган кыздар жана башкалар. Балага зар уйбулолорго бала табылып, кыскасы жашоо шумдук эле экен. Сооп учун деп берген кыздар бар алардын баласын багып алсан кийин сонгу келип да талашышы мумкун баласын мен кыскасы жашоо мынча талаал жана кызык деп тан калып отурам азыр
Benazir08 түзөттү 2018-09-22 18:51:51
22.09.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечээгиде эле машинасында балдардын олугу чыкты деп атышты эле го.Эми жазасын женилдетип,бир чекеден фактыларды жокко чыгара баштадынарбы?
22.09.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суротторун кошо чыгаргыла! Кайсы доктурлар экенин Эл билсин,корсун! Жабыркагандар болсо кайрылат
23.09.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип тынч жашап, тынч уктап журушту? Энелердин коз жашы, наристенин ыйы уктатпай калсын!
23.09.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сөз жок эмне деп жазышты билбейм
23.09.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып алгандар да кок мээби? Дед домдо канча бала жатат, ата энесин кутуп ошолордон сатбай эле бекер эле алып багышбайбы? Бироонун койнундагыны суурууп албай..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: