super.kg logo

Өлкөнүн түштүгүндө Beeline 20 жылдык мааракесин белгилейт

 

25-сентябрдан 30-сентябрга чейин Beeline компаниясы Кыргыз өлкөсүнүн түштүк аймагына эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттерди уюштурат. Салтанаттуу иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларында компаниянын 20 жылдыгынын урматына, "Рахмат!" кампаниясынын алкагында өткөрүлөт.

Салтанатка белгилүү эстрада ырчылары жана хип-хоп аткаруучулар - Бегиш, Баястан, Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова катышат. Майрамдык концерт өтүп жатканда катышуучуларга сынактар жана байгелүү утуштар ойнотулат.

"Кыргыз өлкөсүндөгү рынокто 20 жыл иш жүргүзүп, бул убакыт аралыгында бир топ тажрыйба топтодук. Мунун баары биздин кардарлардын жардамы менен. Биз кардарлардын талаптарына ылайыктап жаңы ыңгайлуу тарифтерди иштеп чыгуудабыз жана шарттарды жөнөкөйлөтүп келебиз. Анткени биздин максат - кыргыз элинин жашоо-шартын санариптик технология аркылуу жакшыртуу. Beeline'дын кызматтары жана товарлары калк үчүн пайдалуу, актуалдуу жана ыңгайлуу болушу үчүн биз инновацияны коомчулуктун бардык катмарына жайылтууну пландап жатабыз", - дейт компаниянын башкы директору Ернар Накисбеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын жаңы товарлары жана кызматтары керектөөчүлөргө тааныштырылат. Beeline'дын кызматкерлери кардарларга Leti.kg долбоору, бардык төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болгон Balance тиркемеси, Beeshop маркетплейси жөнүндө айтып беришет.

Ал эми "Рахмат!" кампаниясынын алкагында Beeline өлкөдө жаңы "Жөнөкөй" тарифин ишке киргизди, анын кызматтары жөнөкөй, интернети жана компаниянын абоненттерине чалуу чектелген эмес. Мындан тышкары тармактын керектөөчүлөрү 131 өлкөдө чексиз интернетти жана роумингди колдоно алат. Beeline'дын командасы бардык мекендештерди компаниянын 20 жылдык мааракесин биргеликте белгилөөгө чакырат.

Beeline өткөрүп жаткан концерттердин расмий өнөктөшү Huawei корпорациясы, аталган корпорация да салтанатка келген конокторго байге, белектерди камдаган.

Beeline сиздерди 25-26-28-30-сентябрда саат 17:00дө күтөт.

25-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы борбордук аянтта;

26-сентябрда Ош шаарындагы борбордук аянтта,

28-сентябрда Кызыл-Кыя шаарындагы борбордук паркта;

30-сентябрда Баткен шаарындагы борбордук аянтта концерттер өткөрүлөт.

Кирүү акысыз.


кошулду





Beeline 20 жашта! Шоу-концертти өткөрүп жибербеңиз

Beeline'дын туулган күнүнө карата шоу-концерт!

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
22.09.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Концерт койгончо биздин районго антенна коюп берсе болмок
23.09.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Uragan07, биздин Ноокатка да коюп койсо болмок. Билайн жакшы тартпайт.
22.09.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо чон Кадамжай районунда эмнеге болбойт?
23.09.2018. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
nelli, сенин ошончо чон Кадамжай районундан алда канча чон Озгон, Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондору унчукпай эле отурушат го, Ошко барып коробуз, Жалал-Абадга барып коробуз деп... Бир кадам турган Кызыл-Кыянарга барып коро бергиле да, обу жоктонбой.....
23.09.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Frunze2,жашоодо жамандыкты эле издеп турган, негативди озунон нурдай чачып турган адам экенсин да. Ириген ооздон чириген соз чыгат. Аман эле болчу.
23.09.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Белайын колдоном байланыш начар болуп жатат интернет ошол нерсени карап койсо болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: