Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова кызматынан бошотулду
Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Бүгүн, 22-сентябрда социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы аэропортто Сеул-Алматы каттамындагы учакка мас абалда чыгып, чуу чыгарганы айтылган. Анын айынан башка жүргүнчүлөр да учактан чыгарылып, учак эки саат кечигип учууга аргасыз болгонун каттам жүргүзгөн "Эйр Астана" компаниясынан SUPER.KG'ге кабарлашкан.
Аталган маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчилиги да тастыктап, ал учурда аэропортто экенин билдиришкен.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
25

