super.kg logo

Бишкекте кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына карата интеллектуалдык таймаш өттү

 
Манасчы Жусуп Мамай чөбөрөсү Тургунаалы менен.

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдык мааракесине карата "Китеп Time" интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Аталган иш-чарага Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамайтегин, манасчы Самат Көчөрбаев, кытайлык кыргыздардан чыккан жаш ишкер, АКШнын Колумбия университетинин бүтүрүүчүсү Женни Жеңиш кызы жана башкалар катышты. Иш-чарада Тургунаалы Турсунаалы Жусуп Мамайтегин жазган "Бабамдан баян" аттуу китеп боюнча интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. Ага 80 ге чукул адам катышып, 15 команданын арасында таймаш орун алды.

Алгач иш-чара манас айтуу менен ачылып, чөбөрөсүнүн бабасы Жусуп Мамай жөнүндөгү эскерүүсү менен уланды. Андан кийин "Бабамдан баян" китеби боюнча суроо-жооп болуп өттү.

"Бабамдан баян" китебинде чөбөрөсү манасчы Жусуп Мамайдан уккан маалыматтар, таанымал инсандардын эскерүүлөрү жана манасчынын жеке жашоосу тууралуу сейрек кездешчү маалыматтар камтылган.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кытай Эл Республикасынын эң мартабалуу "Тоо гүлү" сыйлыгынын ээси, кытайлык улуу манасчы Жусуп Мамай 1918-жылы Кытайдын Ак-Чий аймагында туулган. 2014-жылдын 1-июнунда 96 жашында көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: