Бишкекте өтүп жаткан оор атлетика боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Жаңыл Океева 4-орунду алды

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан жаштар жана спорт чеберлери арасындагы Азия чемпиондугу башталды. Биринчи мелдеш 48 килограмм салмакка чейинки кыздар арасында өтүп, чемпион аныкталды. Кытайлык Кин Лидан атаандаштарынын баарынан көп упай топтоп, чемпиондук медалды тагына алды. 2-орунду индиялык Сэйхом Мирабай Чану ээлесе, 3-орунду таиланддык Уондроэк Онума ээледи. Бул салмакта Кыргызстандын желеги астында чыккан Океева Жаңыл 4-орунду камсыз кылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.