super.kg logo

Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди

 

23-сентябрга караган түнү Адилет Алиев аттуу интернет колдонуучу Фейсбуктагы баракчасына абакта жаткан Өмүрбек Текебаев жүрөк оорусу кармап каза болгонун жарыялап, бир канча убакыттан соң кайра өчүрүп салган. Мындан улам башка интернет колдонуучулар учурда Жаза аткаруу кызматынан Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу боюнча расмий маалымат таратуусун талап кылып жатышат.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ал билдирүүнү жокко чыгарып, SUPER.KG'ге Текебаевдин ден соолугу тууралуу маалымат берди.

"№47-түзөтүү абагынын жетекчиси менен жаңы гана сүйлөштүм. Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу жакшы экендигин, азыр тамактанып жатканын айтышты", - деди Сабатарова.

Өмүрбек Текебаевди 2017-жылы февраль айында ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармап кетишкен. Аны Орусиянын көпчүлүк аферага аралашкан адамдын көрсөтмөсү менен 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
23.09.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай Өмүрбек Чиркешовкичге узун өмүр берсин. Кудай жүзүн ары кылсын, кокус кетип калса,эң биринчи анын троллдорунун убалы кимге? Күнү-түнү Текебаевге иштеп атса.
23.09.2018. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кой олбосун ар пенде оз кунун корсун. Кыргызстанга эн керектуу инсан,бул кундор да отот. Тарых озу тастыктайт ким кара,ким ак экенин. Ылайым ден соолугунуз чын болуп кыргыз элинин керегине жарап уул кыздын урматын коруп доолотуу карылыкта жашаныз.
Nurkyz1977 түзөттү 2018-09-23 11:10:22
23.09.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Значить Өмүрбек чиркешовичтин өмүрү узун болот экен.Текебаевге Аллахым узун өмүр мыкты ден соолук берсин.Күнөөсүз күнөөлү болуп олтурат,Соке өчөшбөй чыгарып койсо да болот.Текебаевсиз саясат супсак,жана коррупция гүлдөй берет.Текебаевсиз сасат кызыксыз,баары унчукбайт ооздорунда талкан бар.
23.09.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омурунуз узун болсун, бул кундор да отор, сабырыныз бекем болсун. Ак жерден куйгузгон адамдар да жооп берет.
23.09.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун.
23.09.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биронун олумун тилегенче Оз умурундуу тиле дейт ушак чыгарган адамдар кантип кыска ойлонушат
23.09.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен фейсбууктан коруп ишендим эле. Эмне себептен мындай кылды экен ээ. Ишендирип айттыда 47де менин таанышым бар деп.
23.09.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ шумдугун кургур Текебаевди ушул Атамбаев жей турган болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: