super.kg logo

Басбөлтөк тоосун казууга берилген лицензияларды текшерүү үчүн жумушчу топ түзүү сунушталды

 

22-сентябрда Бишкектин четиндеги Байтик айылына караштуу Басбөлтөк тоосун казууга каршы курултай өткөн. Ага жергиликтүү тургундар менен айылдык кеңештин депутаттары катышкан. Жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганын жарандык активист Айбек Мырза SUPER.KG'ге айтып берди.

"Курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимге бир топ маселелер камтылды. Атап айтканда, Басбөлтөк тоосун жана ага жакын жайгашкан тоолорду казуу үчүн берилген лицензияларды текшерүү максатында жумушчу топ түзүү сунушталды. Ага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл тургандары кириши керектиги айтылды.

Андан сырткары Басбөлтөк тоосун өлкөдөгү тарыхый-маданий мурастардын тизмесине кошуу, экология боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, Жогорку Кеңеш тарабынан жер казынасын пайдалануу, лицензия берүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушташты", - деди жарандык активист.

Айбек Мырзанын белгилешинче, буга чейин 7 фирма тарабынан Басбөлтөк тоосунун топурагы казылып келсе, дагы 30дан ашык фирмага уруксат берилип кеткен.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: